«Ала-Тоо» аянтына 40 эмес 39 нуру бар желек илингенби? Дайырбек Орунбеков жооп берди

Социалдык тармактын колдонуучулары «Ала-Тоо» аянтына илинген жаңы желекте күндүн нуру 40 эмес, 39 экенин жазып, сүрөт менен бөлүшүп жатышат. Буга президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жооп берди.

«Элдер жаңы жыл тосуп, жакындары менен жолугуп, жакшы тилектерин айтып жатса — айрымдар жылдын алгачкы босогосун жалган маалыматтарды таратуу менен баштап жатышат. Аянттагы туунун бир нуру бүктөлүп калган учурун сүрөткө тартып алып, 39 эле болуп калыптыр деп. Туунун 40 нуру бар, бекитилген нускасы боюнча жасалып жатат. Ар кандай кырдаалдан кыйкым издегендер го мейли, адекваттуу эле досторубуз алардын манипуляциясына ишенип алышыптыр. Үйдө отуруп алып ушактарды талкуулабай, барып эсептеп койсоңуздар болот»,- деп жазды ал.

Ал ошондой эле аянтка илинген желек башка, Жогорку Кеңеш кабыл алган желек башка экенин жазып жаткандарга жооп берди. «Жогорку Кеңеш кабыл алгандан кийин, Министрлер кабинети толуктоо менен акыркы вариантын токтом менен бекитет. Ооба, мурда нурлары түндүккө тийбей турган болсо, азыр 40 нуру түндүккө тийгизилип бириктирилди»,— деп жооп берди.

Related posts

Акылбек Жапаров: Биз жалпы өлкө боюнча 5G технологияларын ыкчам өнүктүрүүгө кызыкдарбыз

admin

15-16-май күндөрү Бишкек шаары жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет

admin

Ысык суу же жылуулук боюнча суроо жаралса кайда кайрылуу керек? Байланыш телефондор

admin

Комментарий