Кореяда жарылуу болгонго чейин чыгып жаткан газды туман деп ойлошкон

Кореянын полициясы жаңы жылдын алгачкы күндөрүндө трагедияга алып келген шалаакылык фактысын иликтеп жатат. Пхёнчхандагы май куюучу станциядан катуу газдын агып чыгышынан жарылуу болгон. Ал видеого түшүп калган.

KBS телеканалынын маалыматына караганда, газдын чыгышын алгач туман деп жаңылышышкан. Бирок көп узабай катуу жарылуу болуп, жакын жердеги эки адам катуу күйүк алып, дагы үчөө жеңил жаракат алган.

Жарылуу жана андан кийинки өрттүн кесепетинен 14 имарат жана бир нече унаа да жабыркаган. Жакынкы райондордун 25ке жакын тургуну эвакуацияланган. Полициянын айтымында, газдын чыгышы май куюучу жайдын операторунун шалаакылыгынан болгон. Кийинчерээк бир нерседен от чыгып, ал газдын жарылусуна себеп болгон. Учурда тергөө иштери уланууда.

Related posts

Бишкекте 50 миң АКШ доллар пара алып жаткан жеринен укук коргоочу кармалды

admin

Трамп АКШда эркек жана аял деген эки гана жыныс болорун айтты

admin

Жаан, кар жаайт. 28-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий