МСК салык төлөөчүлөрдүн маалымкат алуусу тууралуу депутаттын билдирүүсүнө комментарий берди

Жогорку Кеңештин 10-январда өткөн жыйынында парламенттин депутатынын «ишкерлерге салык карызы жоктугу тууралуу маалымкат алуусу кыйын жана аны алуу үчүн тиркеме түзүү зарылдыгы тууралуу” билдирүүсү боюнча Мамлекеттик салык кызматы (МСК)

төмөнкүлөрдү билдирет:

«Салык кызматы салык төлөөчүлөр үчүнсалыктык кызматтарды, анын ичинде электрондук форматта пайдалануу боюнча зарыл болгон бардык шарттарды түздү.

Cabinet.salyk.kg сайтында «жеке салык кабинети» бар ар бир салык төлөөчү салыктарды төлөө, отчетторду берүү, маалымкаттарды алуу ж.б. кызматтардыонлайн пайдалана алат. Учурда 870 миңден ашык салык төлөөчү «жеке кабинетти» колдонушат.

Карызы тууралуу маалымкатты «жеке салык кабинети» аркылуу онлайн режиминде эки жумушчу күндүн ичинде алууга болот. Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр өздөрүнүн «жеке кабинети» аркылуу карызынын бар экендигин өз алдынча текшере алышат.

2023-жылдын декабрынан тартып Salyk.kg мобилдик тиркемеси иштей баштады, ал аркылуу карызы тууралуу маалымат алууга болот.

Салык кызматы салык төлөөчүлөргө ыңгайлуулук жаратуу үчүн салыктык башкарууну жакшыртуу боюнча ишин улантат».

Related posts

19-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Депутат Мамасадыков алтын медаль уткан спортчу менен жолугушту

admin

Дайынсыз жоголгон 10 жаштагы Бексултан Турдубеков табылды

admin

Комментарий