Кыргызстанда кар жаайт — 15-январга карата аба ырайы

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүз Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Чүй, Талас облустарында айрым жерлерде туман түшөт. Жолдордо кар жана муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусу
түнкүсүн -1…-6
күндүз -4…+1

Талас району
түнкүсүн -2…-7
күндүз -4…+1

Баткен областы
түнкүсүн 0…+5
күндүз +3…+8

Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн 0…+5
күндүз +3…+8

Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -4…+1
күндүз +2…+7

Нарын областы
түнкүсүн -8…-13
күндүз -3…-8

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдордо муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 0…-2° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдордо муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 5…+7° жылуу болот.

Related posts

Мурдагы министр Динара Кутманова 9-февралга чейин камакта болот

admin

32 градуска чейин ысыйт. Апрелге карата берилген аба ырайы 

admin

Чүйдө төрөттөн каза болгон келин. Оорукананын директору, орун басары жана башкы медайым жумуштан кетти

admin

Комментарий