Саламаттыкты сактоо министри боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты

11-12-январда Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Түркиянын Малатья шаарында жайгашкан Инөнү университетинде болуп, анын ишмердүүлүгү менен таанышып, университеттин ректору, доктор Ахмет Кызылай менен жолукту.

Анда Кыргызстан менен Түркиянын президенттеринин органдарды трансплантациялоону уюштурууда Кыргызстанга жардам көрсөтүү келишиминин алкагында, боор жана жилик чучугун трансплантациялоо боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселеси талкууланды. Ошондой эле министр ал жакта окуудан өтүп жаткан кыргызстандык адистер менен баарлашты. Андан соң ал боорду алмаштыруу боюнча операцияга катышты.

Related posts

Кыргыз өкмөтү экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борборун түздү

admin

Кыргызстанда эт азыктарынын сапаты  QR-код аркылуу текшерилет

admin

Өкмөт Кыргызстанга инвестор тартуунун дагы бир жолун тапты

admin

Комментарий