Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт — 16-январга карата аба ырайы

16-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы.

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдордо кар жана муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -8…-3

күндүз -4…+1

Талас району

түнкүсүн -10…-5

күндүз -5…0

Баткен областы

түнкүсүн -2…+3

күндүз +3…+8

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн -2…+3

күндүз +3…+8

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -7…-2

күндүз 0…+5

Нарын областы

түнкүсүн -10…-5

күндүз -5…0

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдордо муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -7…-5°, күндүзгү жогорку температурасы -1…+1° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында кар жаайт. Жолдордо муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 3…+5° жылуу болот.

Related posts

Ошто Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолун баяндаган спектакль коюлат

admin

Чет элдик жаран УКМК кызматкери болуп, элди алдаган

admin

Шамалдын кесепетинен унаага бак куласа ким жооп берет? Юристтин жообу

admin

Комментарий