Айрым жерлерде кар жаайт — 17-январга карата аба ырайы

17-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы.

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Кээ бир жерлерде туман. Жолдордо кар жана муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -9…-4

күндүз -5…0

Талас району

түнкүсүн -13…-8

күндүз -7…-2

Баткен областы

түнкүсүн -2…+3

күндүз +3…+8

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн -2…+3

күндүз +3…+8

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -7…-2

күндүз -2…+3

Нарын областы

түнкүсүн -13…-8

күндүз -7…-2

Бишкек шаарында түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, туман түшүшү мүмкүн. Жаан-чачынсыз күн. Жолдордо муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -9…-7°, күндүзгү жогорку температурасы -2…0° болот.

Чолпон-Ата шаарында кар жаайт. Жолдордо муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -4…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 1…+3° жылуу болот.

Related posts

Макаревич Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандагы концерттери боюнча үн катты

admin

Япониядагы жер титирөө. Каза болгондордун саны 100гө чукулдады

admin

Гүлнара Баатырова ЭМУнун Борбордук Азия боюнча аймактык директору менен жолукту

admin

Комментарий