Кемин районун Тарыхбаев Мамытжан атындагы мектебинде «Фин чилистен» сынагы болуп өттү

Чүй облусунун Кемин районундагы Жол -Булак айылынын Тарыхбаев Мамытжан атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде USAID « Окуу керемет!» долбоорунун алкагында башталгыч класстын окуучулары жана алардын ата-энелердин катышуусунда «Фин чилистен» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аталган мектептин башталгыч класстардын  мугалими Бермет Абласова билдирди.

«Сабактын негизги максаты – балдарды  келечекте  финансылык туура чечимдерди кабыл алууга, өз акчасын  үнөмдүү жана сарамжалдуу, туура пайдаланууга үйрөтүү, жашынан каржылык адаттарга  калыптанууларын акча табуу жана аны сабаттуу башкаруу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү», — деди Бермет Абласова.
Анын айтмында мындай сабактар окуучуларды финансылык жактан сабаттуу жүрүм-турум мамилелерин калыптандырууга тарбиялоого негиз түзөт.

Мугалимдин айтымында, сабактын жүрүшүндө окуучулар ата-энелери менен чогуу Yй бүлөнүн бюджети», «Yй бүлөнүн чыгашасы»деген түшүнүктөрдү талкашып, аны кандай туура пайдалануу керектиги тууралуу керектүү кеп -кеңештер айтылды.

«Окуучулар өз ара тайпаларга бөлүнүп, акча деген эмне, ал биринчи кайда, качан пайда болгон, улуттук валютада кимдердин сүрөттөрү тартылган деген суроолорго жооп беришип, өз колдору менен копилка жасашып, ага акча топтоо керектигин, бюджетти, кирешени кантип көбөйтүү тууралуу талкууларды уюштурдук», — деди мугалим.

Анын айтымында, заман талабына ылайык ,баланы башталгыч мектеп курагынан эле акча, эмгек, эмгек акы, сый акы жаатындагы каржыны башкаруунун алгачкы жолдору жөнүндө айтуу керек.Келечекте финансылык туура чечимдерди кабыл алууга , өз акчасын туура колдонгонго, туура максат койгонго жана ага жетүүгө жардам берет.

Related posts

УКМК: Кемин районундагы стоматологиялык клиниканын директору кармалды

admin

Садыр Жапаров: «Апрелчилер Убактылуу өкмөткө бир топ нааразычылыгын айтышты»

admin

Лавров: Украина менен болгон маселеде юридикалык макулдашуулар маанилүү

admin

Комментарий