Лейлекте унаа сатып алган жаран акчасын бербей из жашырган

Лейлекте сатып алган унаанын акчасын бербей качып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагынын Андарак айылынын тургуну унаасын сатып алган жаран 2023-жылдын 18-мартынан бери акчасын бербей качып жүргөндүгүн билдирип милицияга арыз менен кайрылган. Бул арыз Лейлек РИИБге катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул жарандын алдамчылык фактысы менен дагы бир арыз катталгандыгы белгилүү болгон. Шектүү катары 28 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

УКМК Академиясын негиздеген Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирүү

admin

27-мартка карата аба ырайы

admin

Суусамыр — Талас — Тараз жолуна 65 млн. доллар бөлүнөт.

admin

Комментарий