Телефонду шымына катып. Бишкекте чөнтөк ууру кармалды (видео)

Борбор калаанын коомдук транспортторунда бир катар чөнтөк уурулуктарды жасоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

16-январда милицияга чет мамлекеттин жараны кайрылып, ошол эле күнү саат 08:00 чамасында Чүй проспектиси менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги кичи автобустардын биринин салонунан Vivo үлгүсүндөгү 13 миң сом турган уюлдук телефонун уурдап кетишкен белгисиз адамдарга чара көрүү арызы менен кайрылган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Милиция кызматкерлери тарабынан 1983 жана 1978-жылы туулган жарандар аныкталып, кармалган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту шектүүлөргө карата Бишкек шаарындагы №1 Тергөө камак жайына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдөн 2 уюлдук телефон, анын ичинде жабырлануучунун мурда уурдалган уюлдук телефону табылган. Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары аныкталып жана 2024-жылдын январь айында абактан бошотулуп, бирок тийиштүү тыянак чыгарбастан, кылмыш иштерин улантууда. Шектүүлөрдүн ар бири мурда бир нече жолу соттолгон.

Related posts

Лейлекте мыйзамсыз иштеген стоматологиялык борбордун иши токтотулду

admin

Олимпиада-2024: Дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу атаандашынан жеңилип калды  

admin

Кар жаашы күтүлөт. 3- январга карата аба ырайы 

admin

Комментарий