Тиш дарылаткан 3 жашар кыздын эмнеден улам каза болгону айтылды

Тиш тазалатууга барган бөбөк кетонал менен анальгинди колдонуудан өрчүп кеткен анафилактикалык шоктон улам көз жумган. Бул соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы экенин Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун жетекчисинин орун басары Эрнис Акунов билдирди.

Буга чейин 31 жаштагы анестезиологдун жактоочулары маалымат жыйын өткөрүп, экспертизанын жыйынтыгы үч жашар кыз кетонал менен анальгин дарыларын сайгандан кийин көз жумганын көрсөткөнүн айтышкан.

Алар анестезиолог бул дарыларды саюу боюнча өз алдынча көрсөтмө бербегенин, буга чейин жасап жүргөн ишин гана аткарганын кошумчалашкан. Акунов бул иш боюнча комиссиялык соттук-медициналык экспертиза дагы жүргүзүлөрүн белгилеп, бөбөктүн өлүмүнүн себеби, ким күнөөлүү экени ошондо так билинерин кошумчалаган.

Related posts

Бишкектеги шамалдын кесепетинен 2 жаран жабыркады

admin

Сокулуктагы мунай зат сакталуучу жайдан өрт чыкты

admin

Интернетте адамды кемсинткендерди жоопко тартуу сунушу биринчи окууда кабыл алынды

admin

Комментарий