Орусияда туткундарды ташып бара жаткан аскердик учак кулап түштү (видео)

Орусиянын Белгород облусунда Ил-76 аскердик-транспорттук учак кулап түшкөн. Кулаган учурдун видеолорун Орусиянын Telegram каналдары жарыялашты. 

Бир катар маалымат булактары Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме берүү менен учактын бортунда Белгород облусуна алмашуу үчүн жеткирилген украиналык аскер кызматкерлери, ошондой эле экипаждын алты мүчөсү жана аны коштоп жүргөн үч адам болгонун кабарлашты. Учурда учак кырсыгынын себептери такталууда.

Учакта жалпысынан 74 адам болгон. Алардын арасында туткунга түшкөн украиналык 65 аскер кызматкери, алты экипаж мүчөсү жана үч коштоп жүргөн адам бар.

https://t.me/bbbreaking/174031

Related posts

Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгынын бөлүм жекекчиси системалуу түрдө пара алып жаткан жеринен кармалды

admin

Өлкөдө түнү жер титирөө катталды

admin

Сокулукта дүкөндөн сейф уурдалган. Ири суммадагы акча уурдоого шектүүлөр кармалышты

admin

Комментарий