Ташиев жер титирөөдөн кийин ӨКМге тапшырма берди

Бүгүн, 31-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кезектеги атайы техникалар жана куткаруу шаймандары тапшырылды. Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

«Жакында жер титиреди. Бишкекте 4,5 баллга чейин жетти. Санариптин жардамы аркылуу Android платформасындагы уюлдук телефондорго 1 мүнөт эрте билдирүүлөр келип, көп кабаттуу үйлөрдө жашаган адамдардын тышка чыгуусуна мүмкүн болду. Бирок iPhone сыяктуу акыркы үлгүдөгү телефондорго билдирүүлөр келген жок. Ошондуктан ӨКМдин санариптик кызматы жасалма интеллектинин бардык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, Кыргызстандагы тиешелүү компаниялар менен иштерди жүргүзөсүңөр деп ойлойм”, — деди төрага.

Related posts

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту

admin

Активист Илгиз Шаменов “Азия Моллдогу” окуя боюнча милицияда сурак берип чыкты

admin

Бишкектеги соода борбордон чыккан өрт өчүрүлдү (сүрөт)

admin

Комментарий