Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан Ысык-Көл облустук ИИБ Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте кылмыш ишинин алкагында, 2024-жылдын 30-январында «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун «Жети-Өгүз» ячейкасынын активдүү мүчөлөрү А.у.М., Б.К.К., Б.у.Ж., Т.А.Д., А.А.А., Ж.у.Э., К.А.Т., М.А.О., А.у.Э., Ж.Н.Ч., А.М.А., И.у.У. жана А.М.Д. аттуу КР жарандарынын жашаган жеринде соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзүлгөн. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Жогорудагы адамдардын жашаган даректеринен “Хизбут-Тахрир” уюмуна таандык түрдүү китепчелер, диний дептерлер, уюлдук телефондор табылган. Ошондой эле ДЭУнун бир мүчөсүнүн үйүнөн басмакана табылган, алар экстремисттик маанайдагы материалдар басылып, ДЭУнун мүчөлөрүнө таратылган. Учурда керектүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Related posts

Садыр Жапаров принял министра иностранных дел Узбекистана Владимира Норова  

admin

Воздух прогреется до +28° — прогноз погоды на 19 сентября

admin

Импорт нефтяного битума из Казахстана сократился в 7,5 раза за год, а из России вырос в 2 раза, — статистика

admin

Комментарий