1-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

1-февралда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5,

Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…-5,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…+6, күндүз +1…+6,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1,

Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -7…-12.

Бишкекте кечке жуук кар жаашы мүмкүн, туман түшөт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -1…-3 болушу күтүлөт.

Related posts

Ошто караоке клубдагы администратор кызды зордуктоого аракет жасалган. Окуя видеого түшүп калды

admin

Өзгөндө 200 миң сом пара алып жаткан жеринен салыкчы кармалды. Акча анын чөнтөгүнөн табылган

admin

Казакстандагы шахтадагы жарылуу: Каза болгондордун саны 42ге жетти

admin

Комментарий