Бишкекте кыздар соцтармак аркылуу балдар менен таанышып, аларды каракчыларга салып берип турушкан

Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан жашы жете электерди кылмыштуу чөйрөгө тартуу менен каракчылык кылууга адистешкен адамдардын тобу кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

29-январда Биринчи май РИИБге жаран арызы менен кайрылган. Анда көрсөтүлгөн күнү түнкү саат 02:30 чамасында Темиров көчөсүнөн курч темир буюм менен коркутуп, күч колдонуп, алдыңкы үстүңкү тишин сындырып, баасы 20 миң сомду түзгөн Айфон Х маркасындагы уюлдук телефонун жана 5 миң сом акча каражатын алып коюшкан. Андан кийин белгисиз тарапка качып кетишти.

Аталган факты Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин ыкчам кызматкерлери шектүү кылмышкерлердин изине түшүп, алар кармалып, райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилген. Алар 2007-жылы туулган К.А., 2006-жылы туулган А. Б., 2004-жылы туулган Т. А., 2007-жылы туулган Т. Ж., Б.Р 2006-жылы туулган З. Б., 2007-жылы туулган К. Р., 2007-жылы туулган Б. Р., 2003-жылы туулган Ж. Э., 2005-жылы туулган А. Б., 2007-жылы туулган О.А., 2007-жылы туулган.

Милиция кызматкерлери макулдашылган кылмыштуу схеманы ачыктап, социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар социалдык тармактар аркылуу эркектер менен таанышышып. Кийинчерээк жолугушуунун убактысын жана ордун дайындашкан. Андан кийин мурда сүйлөшүлгөн жерде жүрүп, кезек-кезеги менен каракчылык кылган шериктерге кабар берип турушкан. Милиция кызматкерлери мыйзамсыз ишке жашы жете электердин тиешеси бар экенин аныкташкан. Ошондой эле шектүү адамдардан мурда кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефону табылып алынган, ал буюмдук далилдер катары таанылып, кылмыш ишине тиркелген. Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

Related posts

Өзбекстанда дарыдан 19 баланын каза болушу. Мирзиёев аткаминерди иштен алды 

admin

Белестүү жолдун баяны

admin

Түркияда 28-майда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт

admin

Комментарий