Маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.
Маалыматка караганда, анын бөгөт чарасы сотто 23-январда эле каралган.
УКМК Камчы Көлбаевдин кудасы Рустам Турдиевди кармаган. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча шектелүүдө.
Рустам Турдиев 23 жаштагы Руслан Рустамовдун атасы. Ал Камчы Көлбаевдин кызы Эркеайымдын жолдошу. Алар 2021-жылы жазында баш кошушкан.