Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин унаалары жол кырсыгына кабылды

Бүгүн, 1-февралда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин эки унаасы Бишкекте жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу окуяга күбө болгон “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Кырсык Чыңгыз Айтматов проспектисинде, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында катталган. Окуя болгон жерде Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь да жүрөт. Элчиликтин BMW үлгүсүндөгү машинелери Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Окуя болгон жерде Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иштеп жатат.

Related posts

Жалал-Абадда рейдерлик жол менен жер тилкелерин басып алууну уюштурган белгилүү «шылуун» Абдулла Юсупов кармалды

admin

Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти

admin

Эмгек сиңирген артист Малик Аликеев көз жумду 

admin

Комментарий