Бишкек ЖЭБдеги авария. Жабыркаган 5 адамдын экөө оор абалда

Бишкек ЖЭБдеги авариядан 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-февралда саат 04:30 чамасында Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына 5 адам жеткирилген. Алардын ичинен экөө канааттандырарлык абалда, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Учурда эки жабырлануучу ар кандай даражадагы күйүк алып, реанимацияда жатат, алардын абалы өтө оор деп бааланууда. Бири күйүк бөлүмүндө, абалы орточо оор.

Related posts

Ооганстандагы жер титирөөдөн 500гө жакын адам каза болду

admin

Аскар Жаныбеков: 2024 -жылы Кыргызстанда ирригация маселесиндеги көйгөйлөр толугу менен жоюлат

admin

Чоң Чүй каналынын жээгинен 23 жаштагы кызга таандык жеке буюмдары табылды

admin

Комментарий