Өлкөдө бөйрөк алмаштыруу операциясы эми акысыз жасалат

Өлкөдө бөйрөк алмаштыруу операциясы эми акысыз жасалат. Бул тууралуу Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, операция бардык муктаждарга бекер жасалат. Алгач 50 бекер операция жасоо пландаштырылган. Жакында эле биринчи бекер операция жасалды.

«Бөйрөк оорусунан жабыркаган 2500 бейтап гемодиализ кызматын алат. Операциядан кийин президент менен сүйлөшүп, ал учурда гемодиализ алып жаткан бардык муктаж бейтаптарга бекер операция жасалышы керектигин айтты. Ушундай кылсак, азыр гемодиализге кеткен каражат бюджетке үнөмдөлөт», — деди ал.

Related posts

Садыр Жапаров Тамчыдагы аэропорттун жаңы аэробекетинин имаратынын курулушуна старт берди 

admin

11-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Жаан жаап, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн 

admin

Комментарий