Депутат Эрулан Кокулов медиктерден кечирим сурады

Депутат Эрулан Кокулов социалдык тармактагы баракчасына кечирим сураган видеосун жарыялады. Ал медиктерден кечирим сурады.

«Мен туура эмес сүйлөп алыптырмын. Мен блогер болуп эле жүрө берсем болмок экен, депутат болуп деле эч нерсе кыйратпаптырмын. Кыргызстанда баары жакшы экен. Медиктер төрөлгөндөн баштап акча алышпайт экен. Мен эле ызы-чуу салып, туура эмес иштерди кылып, көргөнүмдү көргөндөй айтып жүрө берет экем»,- деди ал сарказм менен.

Кокулов 31-январда Жогорку Кеңеште Балыкчыда кыз менен болгон кырсык тууралуу билип, ал жакка барып, биринчи кезекте окуучу кыз реанимацияда жаткан ооруканага барганын билдирген. Ал эми дарыгерлер буга жооп кылып, депутаттын сөзүнөн айырмаланган комментарий берген. 

Related posts

Уркуя Парманова: “Майып балдарга мамлекеттин колдоосу бар. Бирок, чечилбеген көйгөйлөр көп”

admin

Кыргызстандын баардык аймактарында чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу жүргүзүлүүдө

admin

Бишкектеги борбордук көчөлөр 3 күн жабык болот. Тизме

admin

Комментарий