7 саатта Британияга жумушка баруу үчүн 26 миңден ашуун адам арыз берди

Кыргызстандын 26 миңден ашуун жараны Улуу Британияда сезондук жумушка баруу үчүн арыз берген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Улуу Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруунун программасына катышууну каалаган кыргызстандыктарды «Hops Labor Ltd» оператору аркылуу онлайн-каттоодон өткөрдү.

Жети сааттык каттоодо 26 170 адам өз арыздарын беришкен, алардын ичинен 14 735 адам оператор тарабынан биринчи тандоо этабынан ийгиликтүү өткөн.

Related posts

Италияда кеме чөгүп, 59 мигрант каза болду. Аман калгандар эмне дешти? 

admin

Шарапаткан Мажитова: “Баткен облусуна аскердик госпиталь уюштуруу зарыл”

admin

24-июлга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Комментарий