Чүйдө төрөттөн кийин көз жумган келин. Төрөттөн кийин операция жасалган

Чүйдө келин төрөттөн кийин көз жумду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка караганда, 36 жаштагы келин 10-февралда Жайыл районунун аймактык ооруканасынын төрөт үйүнө түшкөн. 11-февралда көз жарып, тилекке каршы, анын эртеси каза болгон. Ымыркайдын абалы жакшы экендиги, ал эми келин Токтогул районунан келгени маалым болду. Маркумдун сөөгү экспертизага жөнөтүлгөн.

Окуя боюнча редакцияга милициядан маалымат беришти. 11-февралда саат 18:10 чамасында Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Жайыл райондук төрөт үйүнөн 1988-жылы туулган келиндин төрөттөн кийин каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалымат Жайыл РИИБге катталып, сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлө башталган.

Териштирүү учурунда, 10-февралда Жайыл райондук төрөт үйүнө келин түшүп, саат 03:54 чамасында төрөп, төрөттөн кийин абалы начарлаганына байланыштуу операция жүргүзүлгөн. Келин операциядан кийин каза болгондугу аныкталган. Учурда соттук-укуктук экспертиза дайындалып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

admin

«Ыкчам штаб түзүлдү». Бишкек ЖЭБдеги авариянын себеби аныкталып жатат

admin

Ысык-Көл облусунда эл аралык террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын терс таасирине каршы жалпы профилактикалык иш-чаралар уюштурулду

admin

Комментарий