Милиция: «Бишкекте сойкулук менен алектенген 1,5 миңден ашуун кыз аныкталган»

Бишкектин аймагында 2023-жылдын 30-ноябрынан баштап “Притон-Бабочка” аттуу профилактикалык иш-чара өтүүдө. Милиция кызматкерлери социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар интимдик кызмат көрсөтө алат делген жерлерди текшерүүдө. Бул сауналар, мейманканалар жана ижарага берилген батирлер. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 

«Профилактикалык иш-чаралар башталгандан бери милиция кызматкерлери тарабынан 1 миң 500дөн ашык кыз аныкталып, райондук бөлүмдөргө жеткирилип, алардын ар бири менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, анын ичинен 97 кыз кайрадан милиция бөлүмүнө чакырылган. Ошондой эле, Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 159 (Сойкулукка тартуу) жана 160 (Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө 14 шектүүгө жогорудагы беренелер боюнча айып тагылып, аларга карата соттун чечими менен камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулуп, Бишкек шаарындагы №1 СИЗОго камакка алынган»,-  деп айтылат маалыматта. 

Related posts

Ошто тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 1 адам каза болду 

admin

Соңку бир аптада 23 миңдей жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды

admin

Жаан жаашы мүмкүн. 2-августка карата аба-ырайы

admin

Комментарий