АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп кроссовкаларды сатыкка чыгарды (видео)

Дональд Трамп сот аны алдамчылык боюнча күнөөлүү деп тапкандан кийин бир күндө үч түрдүү кроссовкалардын жеке линиясын жарыялады. Бул тууралуу CNN телеканалы жазды. 

Never Surronder кроссовкалар линиясынын бет ачары Филадельфияда өттү. Ал эми бир күн мурун Нью-Йорктун соту Трампты жарандык алдамчылык иши боюнча күнөөлүү деп таап, аны жана анын компанияларына 355 миллион доллар төлөп берүүгө милдеттендирген.

Экс-президент бет ачарда сөз сүйлөдү. Ал акыркы 12-13 жылдан бери кроссовка линиясын даярдап жүргөнүн айтып келе жатканын билдирди.

Сайтта жалпы 1 миң кроссовка болору, ар бирөөнө номур коюлганы, баасы 399 доллар экени айтылат. Алар 2024-жылдын июль айында сатыкка чыгат. 

Related posts

Свердлов округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалды

admin

Жаан-чачын күтүлбөйт.24-ноябрга карата аба-ырайы

admin

Боомдо каза тапкан жана жаракат алган адамдардын өздүктөрү аныкталды (тизме)

admin

Комментарий