Бишкекте Эне тилдин эл аралык күнү белгиленди (сүрөттөр)

Бишкек шаарында Октябрь районунун «Таберик» залында Эне тилдин эл аралык күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага мэрдин биринчи орун басары Мирланбек Байгончоков, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары, Октябрь районунун акими, мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы катышты.

Көрүүчүлөргө «Ар бир элдин тили – бүткүл адамзаттын мүлкү» деген темада видеоролик көрсөтүлдү. Мындан тышкары, коноктор үчүн ар түрдүү этностордун номерлерин аткаруу менен концерт уюштурулду. Ошондой эле «Кыргыз руху», «Таберик» жана «Сувенир» сыяктуу ансамблдер талантын тартуулашты.

Related posts

87 млрд. сом салынат. «Аккула» ат майданынын жери жеке колго өткөрүлдү

admin

Беловодское айылындагы мектеп-интернатта чыккан чуу. Милиция маалымат берди

admin

Орусияда «кара тизмеге» кирген кыргыз жарандарынын саны өстү

admin

Комментарий