УКМК: КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын кош бойлуу кызматкерин сабаган деп шектелип Б.А. аттуу жаран кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине «С.А.» Улуттук госпиталынын медайымынын денесине залал келтирген «Б.А.»га карата чара көрүү өтүнүчү менен медайымдар ассоциациясынан кайрылуу түшкөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө ушул жылдын 19-февралында медайым «С.А.» Оор абалдагы оорулууга таңуу процедурасын жүргүзүү үчүн Б.А.ны палатадан чыгып кетүүсүн суранганын, бирок акыркы эскертүүгө карабастан терс мамиле жасап, кош бойлуу С.А.ны себепсиз сабаганы аныкталган.
Натыйжада С.А.нын башынын жумшак ткандары көгөрүп, «Боюнан түшүү коркунучу бар» деген диагноз менен ооруканага жаткырылган.
Аталган фактыларды текшерүүнүн жыйынтыгында УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «Бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, шектүү С.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мамлекеттик кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу маселеси боюнча өз позициясын чечкиндүү түрдө билдирет жана аларга карата кол салууга жол берилбестигин эскертет. Ушундай эле фактылар аныкталса, КР мыйзамдарына ылайык катуу чаралар көрүлөт.

Related posts

What’s On The Horizon For Men’s Fashion This Fall

admin

Айыл чарба министрилиги жакынкы арада дыйкан-фермелерге 12 миллионго жакын сапаттуу көчөт сунушталаарын жана 200 миң уй жасалма уруктандырылаарын кабарлады

admin

Садыр Жапаров 54 жашка толду 

admin

Комментарий