УКМК: КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жетекчилиги тарабынан мамлекеттик сатып алуулар аркылуу акча каражаттарын мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталды

УКМК тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында үстүбүздөгү жылдын 21 – февралында КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Ч.У.Б. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
Учурда аталган министрликтин башка кызмат адамдарынын бул ишке катыштыгын аныктоого багытталган зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Related posts

Бул жумада кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алышат 

admin

Кыргызстандык бильярдчы эл аралык мелдеште 2-орунга ээ болду

admin

ЕАЭБ: Кыргызстан айлык-акынын өсүшү боюнча алдыга чыкты

admin

Комментарий