Бишкектин Айтматов жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн 6-кабатынын терезесинен кыз секирген. Ал каза болду.
Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, милицияга чакыруу саат 13:55те түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери 2001-жылы туулган кызды аныкташкан. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү башталган. Учурда экспертиза дайындалды.