КР УКМК: Жарандардан системалуу түрдө опузалап акча талап кылган КР Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин кызматкерлери кармалды

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандарды жана алардын жарандык абалынын актыларын каттоо үчүн акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу фактысы боюнча коррупциялык схема аныкталып, ага бөгөт коюлду.
Ноокен райондук Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз баюу жана акча алуу максатында тез арада каттоого алуу жана тиешелүү документтерди берүүдө жасалма тоскоолдуктар түзүлгөндүгү аныкталды.
2024-жылдын 21-февралында мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ноокен райондук калкты каттоо департаментинин А.М.Ж. жана Х.З.Ш. аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Related posts

Ырчы Жонни ата статусуна ээ болду

admin

«Куту» кармалды. Ал 1,5 миллион сом алып, из жашырып кетүүгө шектелүүдө

admin

Ирандын Израилге эскертүүсү: Эгерде түнкү чабуулга жооп жасалса, анда масштабдуу кол салуу болот

admin

Комментарий