Токтогулда үйдөн эркек кишинин жансыз денеси табылды. Шектүүлөр эмне болгонун айтып беришти

Токтогул милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

28-февраль күнү Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде 35-40 жаш чамасындагы эркек кишинин денесинде жарааттары бар, киши колдуу болгон жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге Токтогул РИИБдин жетекчилиги, ыкчам-тергөө тобу, прокуратура кызматкерлери чыгып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон. Бул окуя Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Токтогул милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишинин бети изи сууй электе ачылган. Кылмышка шектүү катары Токтогул районунун 3 тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөр суралып, алар өздөрүнүн көрсөтмөлөрүндө 27-февраль күнү саат 18:00 чамасында Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде спирт ичимдигин ичип отурушуп, сөз талашып уруша кетип, үчөөлөп, ошол жерде алар менен чогуу спирт ичимдигин ичип отурган адамды сабап коюшуп, окуя болгон жерден кетип калышкандыгын билдиришкен.

Related posts

ЖК комитети Акаевдин арызы боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушун четке какты

admin

Ноокатта селдин кесепетинен каза болгондордун саны 9 кишиге жетти

admin

Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айтып чыкты

admin

Комментарий