Акыйкатчы Монголиянын адам укуктары боюнча комиссиясынын башчысы менен жолукту

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Монголиянын адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын башчысы Жаргалсайхан Хунан менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Жолугушуу Бишкек шаарында өттү. Жолугушуу учурунда тараптар адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатында актуалдуу маселелер боюнча пикир алышты.

Ошондой эле Кыргызстандын жана Монголиянын Омбудсмендери эки өлкөнүн улуттук укук коргоо институттары арасынындагы кызматташтыкты жакшыртууну макулдашты. “Учурда Кыргызстандагы адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылууга оң таасирин тийгизе турган бир катар долбоорлорду активдүү демилгелеп жатабыз. Мисалга адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоодо реалдуу механизм боло турган “Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө” конституциялык мыйзам долбоору каралып жатат. Бул мыйзам долбоору Кыргызстанда эл аралык талаптарга жооп берген жана адам укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылган негизги документтердин бири болуп, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) “А” – статусун алууга негиз болот деп ишенебиз”, — деди Кыргызстандын Акыйкатчысы.

Жаргалсайхан Хунан адам укуктарын жана экриндиктерин коргоо жаатында Монголиянын тажрыйбасы менен бөлүштү. Ошондой эле, ал аялдарга жана балдарга карата болгон зомбулукка каршы көрүлүп жаткан чараларга токтолду.

Монголиянын Омбудсмени Кыргызстанда кыйноолорго каршы көрүлүп жаткан аракеттерге жана Акыйкатчы Институтунун Кыйноолорго каршы улуттук борбору менен алып барган иш тажрыйбасына кызыкдар экенин билдирди.

Related posts

УКМКнын төрагасынын жакын туугандарынын аты жөнүн пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык кылган дагы бир кылмыш ишине бөгөт коюулду

admin

«Муктаж болсом, өзүм деле кайрылат болчумун». Белгилүү акын Замирбек Үсөнбаев соцтармактагы кептерге жооп берди

admin

КР УКМК: Сүлүктү шаарындагы мурдагы мамлекеттик оорукананын имараты ыктыярдуу түрдө мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий