Америкалык жаран жашоосунда 34 миңден ашык бургер жеп, дүйнөлүк рекордду жаңылады

Америкалык адам өмүр бою жеген Биг мактардын саны боюнча өзүнүн рекордун дагы бир жолу жаңыртты. Жана ал бул боюнча токтоп калбарын айтты. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.

Маалыматка караганда, 70 жаштагы Дональд Горски Гиннесстин рекорддор китебине дагы бир жолу кирди. Жарым кылымдын ичинде ал 34 миңден ашык бургер жеген. Түрмө кызматкеринин фаст-фудга болгон сүйүүсү 1972-жылдын жазында, биринчи жолу жеп көргөндө башталган. Ал жаш кезинде күнүнө 9 бургер жечү, бирок карыган сайын аны күнүнө орто эсеп менен экиге чейин кыскарткан. Ошол эле учурда Горски жакшы физикалык форманы сактоого аракет кылат. Ал канча калория керектегенин кылдаттык менен көзөмөлдөп, күн сайын 10 чакырым басат. Рекорддор китебине Дональд тууралуу биринчи жазуу 1999-жылы чыккан. Ошондон бери ал жыл сайын санын көбөйтүп келет жана өлгүчө жей берерин айтат.

Related posts

ИИМ: Ырыс Жекшеналиевге «Полит Узник» баракчасына жарыялаган маалымат боюнча кылмыш иши козголду

admin

УКМК: Балыкчыда мыйзамсыз пайдаланылган 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды

admin

Индонезияда питон аялды бүкүлү бойдон жутту

admin

Комментарий