Мурас-Ордо конушунда сууга чөккөн бир туугандар. Ата-энесинин эч кимге доосу жок

Кечээ, 2-мартта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Мурас-Ордо жаңы конушундагы көлмөгө 5 бала музда ойноп жатып, сууга түшүп кеткен. 3 бала жергиликтүү тургундар тарабынан суудан чыгарылып, Тез жардам кызматына өткөрүп берилген. Тилекке каршы калган 2 баланын сөөгү куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлгөн.

Чүй ОИИБден окуя тууралуу маалымат беришти. «2-март күнү милицияга Озерное айылында жайгашкан көлмөгө эки өспүрүм чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Аталган маалыматтын негизинде барган Аламүдүн РИИБдин ыкчам тергөө тобу төмөндөгүлөрдү аныктаган.2-март күнү саат 12:30 чамасында Бишкек шаарынын Мурас-Ордо конушундагы көлмөгө жашы жете элек балдар көлмөгө муз тепкени барышып, ойноп жаткан учурда муз жарылып, анын кесепетинен 2015-жылы туулган А.Н. сууга чөгүп, аны куткарам деп 2013-жылы туулган А.У. аттуу эжеси кошо чөгүп кеткен. Азыркы учурда каза болгон өспүрүмдөрдүн ата-энеси такталып, окуя боюнча эч кимге эч кандай арыз доосу жок экендигин билдиришип, балдардын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.Аталган окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү ишитери жүргүзүлүүдө. Тийиштүү тергөө амалдарынан соң чечим кабыл алынат», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

«Кызматта отура берем деген болбойт». Ташиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылды

admin

All Eyes on Rafah. Эмне үчүн бул постту соцтармакта көпчүлүк бөлүшүп жатат?

admin

Байма Сутенова: Болотбек Тиллебаев жок болуп кеткен жаштар көрсөтүүлөрүн Улуттук каналга кайрып алып келип жатат

admin

Комментарий