Ошто 31 жаштагы келин менен 3 баланын жансыз денелери табылды

3-март күнү милицияга Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында 1993-жылы туулган аял киши, 2018-жылы туулган Р.М., 2021-жылы туулган Р.Р. жана 2017-жылы туулган И.И. аттуу тургундар үйүндө уктап жатып каза болушкандыгы тууралуу кабар түшкөн. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

Аталган маалымат каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергѳѳ тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзгөн. 3-мартка караган түнү Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын 4 тургуну үйүндѳ уктап жатышкан учурда, мештен чыккан көмүр иске ууланышып каза болушкандыгы аныкталган.

Каза болгондордун туугандары арыз жазуудан жана каза болгондордун денелерин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Жансыз денелерге сырттан кароо жүргүзүлүп, акт түзүлүп, жакын туугандарына ѳткѳрүп берилди.

Related posts

Атамбаев менен Карамушкинанын Кой-Таш окуясы боюнча калпы чыкты  

admin

КР УКМК: Кийим-кече базарынын ишин мыйзамсыз уюштуруп, контейнерлердин ээлеринен акча каражатын чогултуп жүргөн Ноокен районунун тургуну кармалды

admin

УКМКнын жетекчилигинин атын жамынып, акча алган шектүү кармалды 

admin

Комментарий