Эңилчек айылында өрттөнгөн мектеп. Окуучулар айыл өкмөттүн имаратында билим алууда

3-мартта Эңилчек айылында башталгыч мектептин имараты күйүп кеткен. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Окуу үзгүлтүксүз уланып жатат, учурда балдар айыл өкмөттүн имаратында билим алууда. Ысык-Көл облусундагы Ак-Суу районуна караштуу Эңилчек айылынын Эңилчек башталгыч мектебинин биринчи имараты- 1970 -жылы ишке берилген. Мектеп 50 орундуу, ал эми учурда окуучулардын саны 23 балага жетет.

Өрттүн чыгуу себептери ӨКМ тарабынан чыгарылып, жыйынтыгы чыкканда кошумча маалымат берилет.

Related posts

Кадамжайда беш адам кышкы салат жеп ууланышты

admin

Өзбекстанда дарыдан 19 баланын каза болушу. Мирзиёев аткаминерди иштен алды 

admin

ЦУМда жардыруучу зат бар экенин айтып, жалган билдирүү жасаган шектүү кармалды

admin

Комментарий