Камчы Көлбаевдин жакын адамы болгон Таалайбек Рысалиев кармалды

Кыргыз жараны Таалайбек Рысалиев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

21-февралда Интерпол Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте издөөдө жүргөн 1976-жылы туулган жаран Рысалиев Таалайбек Кумашевич БАЭде аныкталып, кармалды.

Кылмыш ишинин алкагында Рысалиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү катышуучусу катары аныкталган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү менен айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы сырттан каралып, камакка алынды.

Рысалиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жакын адамы болуу менен анын таасирин туруктуу, мыйзамсыз киреше алуу максатында, тагыраагы түз же кыйыр финансылык же башка материалдык пайда алуу максатында жеке менчикке каршы оор кылмыштарды жасоо, ошондой эле башка кылмыштуу ойлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланган.

Related posts

Ооган аймагынан советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 36 жылдыгы белгиленди

admin

Өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу жогору

admin

Элчи Аида Исмаилова: «Түштүк Кореяда мыйзамсыз жүргөн 714 Кыргыз жараны бар»

admin

Комментарий