Өмүрбек Текебаев Варшавада аны 18 жыл мурун абактан бошоткон судья менен жолукканын жазды

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев социалдык тармактагы баракчасына Варшавага кайра матрёшка менен барганын жазды.

«18 жыл мурун Варшавага келип, кире албай кайра кеткем. Анткени, аэропортто багажымдан составында героин аралашкан ак порошок салынган матрёшка табылган. Мен кармалып, түрмөгө олтургузулгам. Ошол ишти жаш судья кыз карап, фактыларды, жагдайларды, биографиямды эске алып, мени актап, түрмөдөн бошоткон. 9-март күнү ошол судья пани Малгожата Шамборска менен жолуктум. Ага ыраазычылык билдирип, белек бердим. Негизги белек матрёшка болду. Матрёшканын ичинде бул жолу да ак зат бар эле», — деп жазды ал.

Related posts

КР УКМК: Ош аскер комиссариатынын кызматкери – опузалап пара талап кылгандыгы үчүн кармалды.

admin

Айрым жерлерде жаан жааайт. 12-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бишкекте үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө 90 миң сом тапшырылды 

admin

Комментарий