Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы Дүйнө чемпиондугундагы алгачкы жеңишине ээ болду.
Ушул күндөрү Бишкек шаарында үчүнчү дивизиондун (А тайпасы) командалары арасында турнир өтүүдө. Экинчи айлампада кыргызстандыктар Люксембург менен беттешип, 7:3 эсебинде ири жеңишке жетишти. Кыргыз курама командасынын дарбазасына үч голду Мамед Сейфулов киргизди. 3-турдун беттештери 13-мартта болот. Кыргызстан Түркмөнстан менен беттешет.