Жол тескөөчүлөр жол чырак иштебей калганда өз алдынча жолду жөнгө салгандарга кайрылды

Акыркы учурларда жол тыгындары катталган учурда, жарандар тарабынан эч кимдин уруксаты жок тийиштүү кызматтарды чыкырбастан, өз алдынча жолду жөнгө салып жаткан жарандар көбөйүүдө.

Мындай көрүнүш абдан коопту экендигин Милициянын кайгуул кызматы билдирди. Анткени эч кандай, тажрыйбасы жок, көрүнүүчү чыптамасы жок, ышкырыгы жана тийиштүү шаймандары жок жолдун ортосуна чыгып туруп алган жаранды башка унаалардын сүзүп кетүү көркүнүчү абдан жогору.

«Андыктан, урматуу жарандар, жол чырактар иштебей жол тыгыны пайда болгон учурда, шашып жолго чыга калбастан, сөзсүз 102 кызматына чалып тийиштүү кызматттарга кабар бериңиздер»,- дешти.

Related posts

Кантта топ кишилер мушташып, ок атылды

admin

Садыр Жапаров: Тышкы карызды төлөөдө эч кандай көйгөй жок

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Кемин шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Комментарий