39 жаштагы Асел Кененбаева министрдин орун басары болду

 Кененбаева Асел Автандилбековна суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

39 жаштагы Кененбаева буга чейин «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын директорунун техникалык маселелер боюнча орун басары болуп иштеген.

Башка тескеме менен министрдин мурдагы орун басары Айнура Туйбаева кызматтан бошотулду.

Related posts

КР УКМК: Премиум-класстагы турак жай комплексиндеги батирлер мамлекетке алынды

admin

Токойлорду жана жайыттарды калыбына келтирүү. Кыргызстанда маалыматтык кампания өттү

admin

Алтынбек Жумаев президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду

admin

Комментарий