Камчыбек Ташиев Чек ара кызматына сатып алынган аскердик-техникалык жабдыктар менен таанышты (сүрөт)

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Чек ара кызматына сатып алынган жаңы аскердик-техникалык жабдыктар менен таанышып чыкты. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Төраганын биринчи орун басары — УКМК Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев Ташиевге чек араны кайтарууга алган тарамдарды камсыздоого алуунун алкагында ооруктук мүлк жана атайын техника алуу үчүн чек ара ведомствосуна республикалык бюджеттен акча каражаты бөлүнгөндүгүн баяндады.

Чек ара кызматынын тарамдарын камсыздоо иш-аракетинин алкагында бул сатылып алынган аскердик-техникалар чек ара тарамдарына жөнөтүлөт. Өз кезегинде Ташиев өлкө жетекчилиги жана ведомство тарабынан УКМКнын Чек ара кызматынын алдында турган күжүрмөн тапшырмаларды ийгиликтүү аткаруусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

Related posts

УКМК: Жалал-Абадда дагы бир блогер кармалды — ВИДЕО

admin

Оорукана жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салууну ЖК колдоду

admin

Токмокто Көлбаевдин тобуна байланыштуу делген курал-жарак сакталган жай табылды

admin

Комментарий