Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй баллистикалык ракета учурду

Түндүк Корея бүгүн 18-мартта Жапон деңизин көздөй бир нече баллистикалык ракета учурганын Түштүк Кореянын аскер кызматкерлерине таянып Reuters агенттиги билдирди.

Бул күнү Түштүк Кореяга иш сапар менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен барган. Ал Сеулда үчүнчү Демократия саммитине катышат. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Пхеньянды айыптаган билдирүү таратты.

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида да Түндүк Кореянын ракета учурууларын «улам жана көп кайталанып жатат» деп айыптады.

Өткөн аптада АКШ жана Түштүк Корея биргелешкен ири машыгуу өткөрүшкөн. Көп өтпөй Түндүк Корея да машыгуу уюштурган. Пхеньян Вашингтон менен Сеулдун аракетин ага кол салууга даярдык катары баалоодо. Сеул коргоо максатын гана көздөй турганын айтып келет.

Related posts

Кыргызстанда бир аптада коронавирустун 35 учуру катталды 

admin

Кемин районун Тарыхбаев Мамытжан атындагы мектебинде «Фин чилистен» сынагы болуп өттү

admin

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө коррупцияга каршы коомдук-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

admin

Комментарий