Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары жана башкы адиси УКМК кызматкерине пара берүү фактысы менен кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 13-мартында КР УКМК тарабынан башкармалыктын кызматкерине пара берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын акиминин биринчи орун басары Б.Т.А. жана башкы адиси С.Б.А. кармалды.
УКМК тарабынан тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын жооптуу кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген ченемдик-укуктук актылардын талаптарын сактабагандыгы аныкталган.
Мындан улам, ээлеген кызматынан четтетүүгө алып келиши мүмкүн болгон мыйзам бузууларды жашыруу үчүн УКМК кызматкерине Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары Б.Т.А. жана башкы адиси С.Б.А. тарабынан 30 миң сом өлчөмүндө акча каражат сунушталган.
Аталган кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тиешелүү ыкчам- тергөө иш-чараларынын натыйжасында УКМК кызматкерине «Mbank» электрондук эсеби аркылуу акча каражатын которуу менен 30 миң сом өлчөмүндө пара берүү фактысы аныкталып, шектүүлөр кармалды жана убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда бул кылмышты жасоодо Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башка кызматкерлеринин катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Related posts

Жүрөк кемтиги менен жабыркаган кыргызстандык 10 балага жыл сайын Кытайда операция жасалат

admin

Баткенде 14 жаштагы Аяна дээрлик 2 жумадан бери дайынсыз болуп жатат 

admin

Алып баруучу Айзада Жамгырчиева жолдошун элге көрсөттү

admin

Комментарий