Орусияда 2 кыргыз кызды үйүндө тоноп кетишкен. Шектүү катары кыргызстандык 3 жигит кармалды

Москвада мекендештерине каракчылык менен кол салган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Кыргызстандын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнө бир нече күн мурда мекендештерине кол салгандардын кылмыштуу топтун аракеттеринен жапа чеккен жарандарыбыздан кайрылуу келип түшкөн.

Болжол менен түнкү саат 01:30 чамасында 3 белгисиз адам үйгө кирип, каракчылык менен кол салышкан. Курал катары бычакты колдонушуп, зомбулук көрсөтүү менен коркутушуп, башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алышкан. Кол салгандар эки кыздын кымбат баалуу телефондорун, акчаларын, зер буюмдарын алып кетишкен. Белгисиз адамдар өз аракеттери менен жабырлануучуларга олуттуу материалдык зыян келтиришкен.

Биздин жарандардын арыздары Москва шаары боюнча полиция бөлүмүндө катталган. Жабырлануучу кыздар Кыргызстандын 1998-жылы жана 2000-жылы туулган жарандары болушат. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Каракчылыкка шектүү катары үч жаран кармалган. Кармалгандардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары болушат. Алар Баткен облусунун 2003-жылы туулган тургуну Р. Р., Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1996-жылы туулган тургуну К. Н., Ош облусунун Кара-Суу районунун 1996-жылы туулган тургуну Ж. Б..

Үчөө тең иштегени Орусияга барышкан. Азыр Москвада жашашат. Учурда козголгон кылмыш иши боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп, алардын мурда жасалган оор жана өзгөчө оор кылмыштарга тиешеси бардыгы текшерилип жатат.

Related posts

Садыр Жапаров маданият министри Алтынбек Максүтовду кабыл алды 

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Сокулук районундагы «Новопавловка коммуналдык ишканасы» муниципалдык ишканасынын мурдагы жетекчиси тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды

admin

Чиркей «курмандыгын» кантип тандайт? Эксперттердин түшүндүрмөсү

admin

Комментарий