УКМК Райымбек Матраимовдун Азербайжандын борбору Бакуда экенин билдиришти

Издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экени аныкталды.

УКМКнын маалыматына ылайык, УКМК тарабынан аны кармоо боюнча Азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн. Учурда Азербайжандын УКМКсы аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин карап жатышат.

«Райымбек Матраимов Кыргызстандын жетекчилигине кол салуу аракетин даярдап жаткан азербайжандык трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун Кыргызстанда кармалган мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги аныкталган. УКМК кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашкан»,- деп айтылат маалыматта.

Related posts

1-июлдан тарта пенсия жогорулайт. Эң аз алганы 6800 сом болот

admin

«Элит Хаус» курулуш компаниясынын ээси Тимур Файзиев камакта калтырылды

admin

Бүгүн салык декларациясын кабыл алуунун акыркы күнү 

admin

Комментарий