Ошто К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү- «Бойко” каймана аты менен белгилүү А.А.А. кармалды

2024-жылдын 19-мартында УКМК тарабынан “А” атайын кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылынын балансында турган жайыт жерлерин жана айрым социалдык объектилерди мыйзамсыз сатууга тиешеси бар Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Ош облусунун Ош шаарынын аймагында кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Тактап айтканда, К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү “Бойко” каймана аты менен белгилүү болгон А.А.А. жеке материалдык пайда алуу максатында , ошондой эле башка кылмыштуу максаттарды көздөп, жогоруда аталган айыл өкмөтүнүн, «Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жана архитектуранын айрым кызмат адамдары менен тил табышып, алар Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн аймагындагы 8414 гектар жайыттын 500 гектарга жакынын сатып жиберишкен. Белгиленген участоктор 10 000 АКШ долларга жана андан жогору баага сатылып, натыйжада мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген.
Ошол эле учурда, аффилирленген жактарга жайыт участоктору таризделгени, алар кийин башка адамдарга, анын ичинде чет өлкөлүк жарандарга кайра сатылганы такталган. Жыйынтыгында түшкөн акча каражаттары жогоруда аталган жактар тарабынан турак/турак эмес жайларды курууга, ар кандай коммерциялык иштерге, ишкердик субъекттерин ачууга же сатып алууга салуу жолу менен легалдаштырылган.
Учурда КР УКМК тарабынан аталган кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен жарандарды төмөнкү байланыш номурлары аркылуу маалымдоого чакырат: (0312) 66-04-75, 62-65-04; Ош облусу: (03222) 2-30-78;

Related posts

УКМК: КР жарандыгын алуу боюнча документтерди тариздөө үчүн акча каражаттарын мыйзамсыз алуу схемасын уюштуруу фактысы аныкталды

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында контрабандалык жүк ташуучу жер астындагы тоннель табылды

admin

Өзбекстан жараны  Кыргызстанга аткезчилик жол менен күрүчтүн партиясын алып келген

admin

Комментарий