Камчы Көлбаевдин айдоочусу болгон «Данила» кармалды (видео)

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү “Данила” кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

“Данила” каймана аты менен белгилүү болгон жаранда белгисиз маркадагы ок атуучу курал сакталып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган фактынын негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесине (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) ылайык кылмыш иши козголгон. 1976-жылы туулган «Данила» аттуу каймана аты менен шектүү кармалган. Райондук башкармалыктын Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн мурда (адам уурдоо), (каракчылык) беренелерине ылайык бир нече жолу соттолгондугу аныкталган. Бир кезде Камчы Көлбаевдин айдоочусу, жансакчысы, ишенимдүү санаалаштарынын бири болгон. Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүрүп жатканына карабастан, ал кылмыштуу уурулардын идеологиясын колдоону улантып, абактагы адамдарга каржылык колдоо көрсөтүүнү жана азык-түлүктөрдү жигердүү көрсөтүп келген. Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүүнү тинтүү учурунда 9 мм калибриндеги Макаров үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылып, мамлекеттик номурлары өчүрүлгөн, 1 магазини, 8 гильзасы алынган.

Related posts

Акжол Махмудов кайрадан дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи 

admin

Кемпир-Абад боюнча чындык

admin

И.Ахунбаев атындагы медициналык академиянын мыйзамсыз менчиктештирилген жерлери мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий