Ысык-Көлдү таштандыдан тазалоо кайра башталды (видео)

26-марттан тарта суучулдар Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин башташты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдүн Түп булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-март күнү кечке чейин 4100 метр балык уулоочу тор чыгарышты. Суу астынан чыгарылган торлордун көбү жаңы экендигин көрүүгө болот. Бул мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы да болсо уланып жатканын билдирет. Өткөн жылы суучулдар жалпы аянты 430 086,12 гектарды түзгөн суу астынан 22 545 кг таштанды, 218 100 метр балык уулоочу торду алып чыгышкан.

2023-жылдын 12-мартынан бери президенттин жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган.

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fmchs.gov.kg%2Fvideos%2F1924239161306153%2F&show_text=false&width=560&t=0

Related posts

Грузия парламенти президентке импичмент жарыялай албай калды

admin

Ооганстанда автобус менен күйүүчү май ташыган унаа сүзүшүп, 21 адам каза болду

admin

Орусиядагы теракттан кийин дайынсыз болуп жаткан 2 кыргыз кыздын ысымы каза болгондордун тизмесинде жарыяланды

admin

Комментарий