Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарларынын ээси Р.А.Т. кармалды

КР УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Каракол шаарындагы «Бугу» жана «Макиш» соода базарынын ээси Р.А.Т. кармалды.
Кармалган Р.А.Т. узак мезгил аралыгында көрсөтүлгөн соода базарларда иш жүргүзгөн ишкерлерден акча каражаттарын чогултуп, ошону менен бирге алынган пайданын жалпы реалдуу жүгүртүлүшүн фискалдык органдардан жашырып келгендиги аныкталган.
Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө каржылык ишмердүүлүктө көптөгөн мыйзам бузуулар такталып, анын натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында ыктыярдуу турдө Каракол шаарынын мэриясынын балансына, аянты 1,14 гектар, наркы 233 млн. сомдон ашык «Макиш» жана «Бугу» соода базарлары өткөрүлүп берилди.

Related posts

Ошто изделип жаткан 81 жаштагы карыянын жансыз денеси табылган

admin

Камчыбек Ташиев Россиянын элчиси Сергей Вакунов менен жолугушту

admin

Талас аэропортуна Орусиядан учак келип конду (видео)

admin

Комментарий